ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Тайландда кран поездге кулаганда 30дан көп жүргүнчү каза тапты

0

Тайландда жүргүнчү поездге кран кулаганда бери дегенде 32 киши набыт болду, 70ке жакыны жараланды. Эң кичүүсү бир жаштагы наристе экенин Сикхио районундагы оорукананын дарыгерлери билдиришти.

Окуя өлкөнүн түндүк-чыгышында 14-январда эртең менен болгон. Жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн маалыматына караганда, темир жол линиясында жүрүп жаткан оңдоо иштери маалында башкалааа Бангкоктон Убонратчатхани провинциясына бараткан поездге каран кулап түшкөн.

Транспорт министри Пхипхат Ратчакитпракарн поездде 195 жүргүнчү баратканын билдирди, өлгөндөр кран кулаган үч вагондун экөөндө отурган.

Кырсыктын чоо-жайы иликтенип, кылмыш иши козголду.

Премьер-министр Анутхин Чанвиракун каза тапкандардын жакындарына кенемте төлөө тапшырмасын берди.

Адам өлүмү менен коштолгон мындай окуялар падышалыкта буга чейин да болуп келген. Адистер курулуштардагы көзөмөлдүн чабалдыгын, нормалардын сакталбаганын белгилешет. Былтыр кошуна Мьянмада 8,8 баллдык жер титирөө болгондо 30 кабат имарат ураганда 89 кишинин өмүрү кыйылган.