ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Парламентте мектеп жана электр энергия көйгөйү көтөрүлдү

0

Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жалпы отурумунун ар кайсы маселелер саатында негизинен аймактардагы мектептердин жетишсиздиги, имараттарынын эскилиги, үч нөөмөт менен окууга аргасыз болуп жаткан балдар жана башка маселелер арбын көтөрүлдү.

Депутат Элдар Сулайманов Араван районундагы Мадамин Назаров атындагы мектептин окуучулары ФАПта жана мечитте окуп жатышканын, коңшу айылдардагы мектептер 4 чакырым алыстыкта жайгашканын билдирди.
Бишкектин Свердлов районундагы жаңы конуштарда да мектеп жетишсиз экенин дагы бир депутат Улукбек Карыбек уулу айтып чыкты. Ал Ак-Жар, Нуркожо, Адилет аттуу жаңы конуштарда жашаган 15 миңдей бала мектеп жоктугунан шаардын башка аймактарына барып окууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

"Чоң-Алай деген райондо жалпы элдин саны 15 миң. Бишкекте болсо 15 миң эли бар жаңы конуштарда бир мектеп жок", - деди депутат.

Ушундай эле мектеп маселеси Ноокат, Алай жана башка аймактарда да бар экенин ал жактардан шайланып келген депутаттар билдиришти.

14-январдагы отурумда Нарындагы суукка байланыштуу электр энергиясынын лимитин көтөрүп берүү жана тоолуу аймак категориясына киргизүү да сунушталды. Депутат Улан Бакасов Нарындын тургундарына электр энергиясынын лимитин 7 кВтка чейин көтөрүп берүүнү өкмөт өкүлүнөн суранды. Дагы бир депутат Жылдыз Таалайбек кызы облустагы тогуз айыл бийик тоолуу аймак категориясына кирбей калганын белгилеп, ал айылдарды да аймактагы климаттын катаалдыгын эске алып, бийик тоолуу категорияга киргизүүнү өтүндү.

Жогорку Кеңештин азыркы курамы былтыр 30-ноябрда, бир мандаттуу 29 округдан шайланып келген. №13 шайлоо округунун шайлоо жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган.(ZKo)