ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

АКШ өз жарандарын Ирандан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырды

0

АКШ өз жарандарын Ирандан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырды. Мындай билдирүү 13-январда Кошмо Штаттардын Тегерандагы виртуалдык элчилигинин сайтында жайгаштырылды.
"Ирандан тез арада чыгып кеткиле. АКШ өкмөтүнүн жардамына таянбай Ирандан чыгуунун планын караштыргыла. Эгер кете албай калсаңар, өз үйүңөрдө же башка имараттарда коопсуз жай тапкыла. Тамак-аш, суу, дары-дармек жана башка керектүү буюмдарды камдап алгыла", – деп жазылган маалыматта.
Анда жазылгандай, америкалык жарандар интернеттин чектелишине даяр болуп, байланыштын кошумча каражаттарына таянышы керек, эгер ал коопсуз экенине ишенсе Ирандан Армения же Түркия аркылуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы абзел.
АКШ өкмөтүнүн Иран менен дипломатиялык же консулдук мамилеси жок. Иранда АКШнын кызыкчылыгы Швейцариянын Тегерандагы элчилиги аркылуу камсыздалат.

"Медуза" мындай эскертүү АКШнын виртуалдук элчилигинин сайтында 2025-жылдын 15-июнунда жайгаштырылганын, ал эми 22-июнга караган түнү Вашингтон Ирандын Фордо, Натанзе жана Исфахандагы өзөктүк жайларына сокку урганын эске салды.
Буга чейин Швециянын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Иранга барбоого, ал жактагыларды өлкөдөн чыгууга чакырган. AFP эки булакка таянып Франция Ирандагы элчилигинде иштегендердин бир тобун чыгарып кеткенин жазды. Алар канча кызматкер чыгарылганын тактаган эмес.
Франциянын Тегерандагы элчилигинде болжол менен 30дай дипломат иштейт. Француз тышкы иштер министрлиги элчиликтин түзүмүн кайра карап чыгарын кабарлаган.
"Элчилик ачык жана иштеп эатат. Элчи өз командасы менен ошол жакта. Биз Ирандагы жарандарыбызга керектүү кызматты көрсөтүп жатабыз, – деп билдирген француз ТИМи.
Иранда улуттук валюта - риалдын кескин арзандашына жана инфляциянын өсүшүнө каршы жапырт толкундоолор 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Бийлик өлкөдө интернетти өчүргөнгө чейин толкундоолор 120га чукул шаарга жайылды. Тегеран нааразылык акцияларын курал, күч колдону менен басууга умтулуп жатат. АКШда жайгашкан Human Rights Activists News Agency (HRANA) уюмунун 12-январдагы маалыматына караганда, акциялар башталган эки жумадан бери өлгөндөр 646 кишиге жетти, арасында тогуз бала бар. Ал эми Iran Human Rights уюму 648 киши өлгөнүн кабарлады. Камакка алынгандар 10 миңден ашып кеткени белгилүү болду.
Буга чейин Трамп Ирандын башчылары "сүйлөшүүнү көздөп жатканын", бирок АКШ алар менен жолугушууга чейин эле "аракеттене башташы мүмкүндүгүн" жарыялаган.
CNN америкалык эки аткаминерге шилтеме берүү менен Ирандын бийлигине каршы аскердик жана башка ыкмалар менен күрөшүү маселеси тууралуу кеп козголуп жаткан болушу ыктымалдыгын жазды. Себеби, Трамп АКШнын аскердик соккулары Ирандын элин бириктириши мүмкүн деп кооптонот. Аскердик эмес чаралар катары жаңы санкцияларды киргизүү, аскердик жана өкмөттүк түзүмдөргө карата киберчабуул, Ирандагы нааразы болгон элди Starlink интернети менен камсыздоо талкууланып жатканы айтылган.
АКШнын президенти Дональд Трамп 13-январда Иран менен соода алака жүргүзгөн мамлекеттерге 25 пайыздык бажы төлөмү киргизилгенин жарыялады.