ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

БШК Жалал-Абадда шайлоону чагылдырууга 16 медианы каттады

0

Жалал-Абад облусундагы №13 аймактык шайлоо округунда өтө турган шайлоону чагылдырууга 16 жалпыга маалымдоочу каражат расмий катталды. Бул чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-январдагы отурумунда кабыл алды.

БШКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, анын ичинде 9 телеканал, 3 радио, 3 интернет агенттиги жана 1 басылма (гезит) бар.

БШКнын сайтына талапкерлерге берилүүчү эфир убактысы, ЖМКларга жарыялануучу үгүт материалдарынын көлөмү жана башка укук-милдеттер тууралуу кошумча мааалымат жарыяланат.

Катталган ЖМКлар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт материалдарын мыйзам чегинде, так жана бейтарап чагылдырууга милдеттүү.

Жалал-Абад облусундагы №13 округдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 1-мартка белгиленди. 9-февралда үгүт иштери башталып, 28-февралда токтойт.

Кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом кетет. Каражат республикалык бюджеттен алынат.

Аталган округдагы шайлоонун жыйынтыгы 3-декабрда жокко чыккан, Боршайком муну добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганы менен негиздеген. 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. (ZKo)