"Баш сөөгү сынып, кан тамыры жарылган". Өзгөндө кыйноого шектелген үч милиционер кармалды
Баш сөөгү сынган, кан тамыры жарылып, көздөрү жабыркаганОш облусунда милиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылганы айтылган жаран оор абалда ооруканада жатат. 9-январда "Азаттыкка" бейтап дарыланып жаткан Куршаб жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Эрмамат уулу Бекмамат жабыркаган жаран бул ооруканага 4-январда эс-учун таптакыр жоготкон, оор, кома абалда түшкөнүн ырастады.
"Дароо реанимацияга алынган. Оштон санавиация менен облустук ооруканадан нейрохирург чакыртып, операция жасатканбыз. Рентгенге тартканда башынын чеке, төбө жагында узунунан кеткен сынык бар экени, башында кан тамыры жарылып, көздөрү жабыркаганы аныкталган. Буттары тытылган экен. Азыр абалы туруктуу, жылыш бар, сөзгө жооп берип, аты-жөнүн айтып калды. Бирок төлук өзүнө келек элек".
Ош облусунда милиция кызматкерлери зордук-зомбулукка айыпталып жатканын, алардын мыйзамсыз аракетинен бир киши зыян тартканын Башкы прокуратура 8-январда билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 3-январда Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жаранды мыйзамсыз кармап, тиешелүү процессуалдык документтерди түзбөстөн, зомбулук колдонушкан.
Натыйжада, башкы көзөмөл органы белгилегендей, А.Б. аттуу жарандын ден соолугуна оор залал келтирилген.
Факт боюнча Ош облустук прокуратурасы 5-январда Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) жана 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) негизинде кылмыш ишин козгогону, андан аркы тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгы жүргүзмөй болгону маалымдалды.
Милициянын С.Х., А.А. жана И. у. К. аттуу үч кызматкери кармалып, сот алардын бөгөт чарасын эки айлык камак деп аныктаганы, тергөө жүрүп жатканы айтылды.
"Кылмыш ишин Ош обусунун прокуратурасы көзөмөлгө алып, жазуу түрүндө көрсөтмөлөр берилди, тиешелүү экспертизалар дайындалган, иштин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖПКнын талаптарына ылайык мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат", - деп билдирди Башкы прокуратура.
Үч милиционердин ишин УКМК тергейтУшул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да маалымат берип, окуяны жарандын саламаттыгына өзгөчө оор залал келтирүү жана милиция кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуусу деп атады.
"3-январда Өзгөн районунда милиция кызматкерлери өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып эки жаранды мыйзамсыз кармаганы, аларды Куршаб милиция бөлүмүнө мыйзамда көрсөтүлгөн процессуалдык документтерди толтурбастан алып барышканы аныкталды. Кармалган адамдарга күч колдонушкан, ошонун кесепетинен алардын биринин саламаттыгына өзгөчо оор залал келтирилген, ал мээси жана баш сөөгүнөн травма алган, мээси урунуп, шишип кеткен", - деп билдирди атайын кызмат.
Ошону менен катар УКМК жарандарды кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аша чабуу жана башка да мыйзамсыз иштерге көңүл кош болбоого, тийиштүү мекемелерге кабарлап турууга чакырды.
Кармалгандар Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына караштуу кызматкерлер экени, алар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Шектүүлөрдүн жакындары же адвокаттары комментарий же маалымат бере элек.
Милиция кызматкерлери кимдер экени, эмне жумуш аткарары, жабыркаганы айтылып жаткан киши алардын колуна кандайча түшүп калганы, окуя кандай болгону тууралуу кененирээк маалымат алыш үчүн "Азаттык" облустук милицияга кайрылды. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Чынара Сеитбекова тергөө иштерин атайын кызмат жүргүзүп жатканын, болгон маалымат ошолордо экенин билдирди.
Кыйноого шектелген ички иштер кызматкерлериМилиция кызматкерлери түрдүү кылмышка шектелген окуялар өлкөдө буга чейин да катталган, бирок так статистика ачык булактарда жок.
Мисалы, Бишкекте пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалганын Аскер прокуратурасы 2025-жылдын январында билдирген. Маалыматта алар кармалган жарандарды кыйноого алып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу убадасы менен 500 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышканы айтылган.
2024-жылдын сентябрында мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кармалганын УКМК маалымдаган.
Ошол эле жылдын 14-октябрында Жогорку сотто Аксы райондук милиция кызматкерлери "кылбаган күнөөнү моюнуна алдыруу" максатында катуу кыйноого алышкан деген кишинин иши боюнча чечим чыккан.
Кыргызстандын жабык жайлары арасынан милициянын кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайларында күнөөнү моюнуна алдыруу үчүн түрдүү зомбулук, кыйноо фактылары эң көп катталарын укук коргоочулар айтып келишет. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы борбор ( расмий аталышы Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбор) да билдирчү.
Аталган мекеменин кызматкерлерине каалаган жабык жайга каалаган учурда кирип барып, мониторинг жүргүзүү укугу берилген. Ал борбор Кыргызстанда көптөгөн талаш-талкуудан кийин 2012-жылы түзүлгөн. Мындай органды түзүү Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы конвенциясынын талаптарын аткаруу боюнча милдеттенмеси болгон.
Былтыр 3-октябрда "Акыйкатчы жөнүндө" конституциялык мыйзамдын күчүнө кириши менен бул улуттук борбор ишин токтоткон. Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында борборду жоюп, анын иш милдетин акыйкатчы мекемесинин курамына киргизүү мыйзамын кабыл алган.
Расмий маалыматка ылайык, улуттук борбор түзүлгөндөн бери анын кызматкерлери 17 миңден ашык ирет Кыргызстандагы жабык жайларга барып, кыйноо, катаал мамиле жана начар шарттар боюнча 2000ден ашуун арыз кабыл алган. 700гө жакын сунуш берилип, анын 60% аткарылган.
Борбор жүргүзгөн мониторинг учурунда тартылган, адамдар көк ала болуп, ар кандай жарааты менен түшкөн сүрөттөр жана башка материалдар мекеменин расмий сайтына жарыяланып турчу. Иши токтотулгандан кийин ал сайт да ачылбай калды.
Мекеменин ошол кездеги жетекчиси Бакыт Рысбаев парламентте маалымат берип жатып укугу тебеленип, кыйноого кабылгандардын 80% милиция кызматкерлерин айыптай турганын айткан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошол кезде жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде камакта же убактылуу кармоочу жайда адамдар кыйноого кабылган көрүнүштөр жоюлганын маалымдаган. Кыйноо тууралуу айыптоолор айтылганда министрликтин басма сөз кызматы андай кылмышка кириптер кызматкерлер жок эмес экенин, мындай мыйзамсыз көрүнүшкө каршы, алдын алуу, түшүндүрүү иштери дайым жүргүзүлүп турарын билдирчү.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк кыйноолорго каршы иштеген улуттук борбордун жоюлушуна камтамачылыгын билдирип, бул кыйноолорду болтурбоо жаатында артка ташталган кадам экенин белгилеген. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.
Укук коргоочулар милиция кызматкерлери мындай ырайымсыз мамилеге шектелип кармалганда аларга каршы козголгон иш кыйноо эмес, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аша чабуу катары териштирилип, акыры жазасы жеңил болуп калган окуялар аз эмес экенин да айтып жүрүшөт.
