ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Ташиев Ысык-Көлдө жол салып жаткандарга эскертүү берди

0

Министрлер кабинетинин орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон жолунун курулушун жүргүзүп жаткан подрядчылар менен жолукту.

Президент жолду оңдоп-түзөө иштерин кечиктирген тиешелүү адамдарды камоого тапшырма бергенин айтты.

Ташиев узундугу 25 километрлик Балыкчы-Кара-Шаар жолун апрель айында бүтүшү керектигин айтты. Андан тышкары жолдун 46 километрлик бөлүгү беш жылдан бери бүтпөй жатканын белгиледи.

Жолду курууга милденме алган "Кыргыз жол курулушундагы" жооптуу адамдардын жоопкерчилигин кароону, аларды чет өлкөгө чыгып кетпегендей кароону тапшырды.

"2026-жылдын 31-августуна чейин 46 километрди бүтүргүлө. Тим койсо дагы үч-төрт жыл жүрөсүңөр", - деди Ташиев.

Жолдун 20 километрин "Кыргыз жол курулушунан" өткөрүп алган "Фирдаус" кытай компаниясынын жетекчисине дагы жолду август айынын соңунда бүтүрүүнү тапшырды.

Камчыбек Ташиев жолдун курулушу боюнча жыйынды Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барганда өткөргөн.

Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон жолунун курулушу төрт жыл мурда башталган. "Кыргыз жол курулуш" компаниясынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиев 27-декабрда Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автожолун куруу мөөнөтүнүн жана ченемдеринин одоно бузулушуна байланыштуу кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. (ST)