Айтматов проспектисинин бир бөлүгү кайрадан убактылуу жабылат
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн Аалы Токомбаев көчөсүнө (Түштүк магистралы) чейинки тилкеси кайрадан убактылуу жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
1-январдан тартып ал жерде жер алдындагы жөө өтмөк жана аялдама комплекстерин куруу иштерин жүргүзүү каралган.
Мэр Айбек Жунушалиевдин чечими жаңы жылдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен кабыл алынганы белгиленди.
Аталган проспекттин бул тилкеси быйыл март айында жабылып, 11-июлда ачылган. Президенттин иш башкармалыгы көчөнүн бул тилкесин төрттөн алтыга чейин кеңейтип, эки четиндеги теректерди алып, жаңы бак-дарак, гүл отургузган. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана веложол жасалган.
Бирок жергиликтүү тургундар жолдун бир бетинен экинчисине өтүү үчүн шарт түзүлбөгөнүнө даттанып, мэрияга кайрылып, соцтармактарда нааразылыгын жазып чыккан.
Сентябрдын соңунда бул көчөнүн аталган бөлүгүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн жер үстүндөгү өтмөк курулары маалымдалып, курулуш иштери башталганы айтылган, бирок иш аягына чыккан эмес. Жер үстүндөгү өтмөктүн долбоору соцтармакка тарагандан кийин аны шаар тургундары сындап, ыңгайсыз болорун белгилешкен. Айрым маалыматтарга караганда, андай өтмөктүн курулушуна коопсуздук кызматтары да уруксатын берген эмес.
Жер астындагы өтмөк качан салынып бүтөрү айтылган жок. Муниципалитет бул убактылуу ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранды. (KS)
