Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу кайтты
Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Азамат Нурмат уулу өзү 13-декабрда “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, 11-декабрда Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн, натыйжада анын Кыргызстанга чыгып кетүүсүнө уруксат берилди.
Соттук териштирүү уланып жатат. 2026-жылдын январь айынын соңуна белгиленген соттук отурумга Нурмат уулунун адвокаты катышары айтылды.
Азамат Нурмат уулу быйыл 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда Стамбул аэропортунан кармалган. Аны чек ара кызматкерлери кармап, Стамбул шаарындагы “Малтепе” абагында кармалып турган, май айында эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикке чыккан.
Кыргызстандын Агартуу министрлиги Zeen Education компаниясы менен 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталияга барганын кабарлаган. Окуучулар жана башка мугалимдер 25-апрелде Кыргызстанга кайтып келген.
28-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат Нурмат уулу диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланыштуу кармалганын билдирген.
32 жаштагы Азамат Нурмат уулу азыркы “Маариф”, мурдагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде соңку сегиз жылдан бери эмгектенип келаткан. “Маарифтин” Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими болуп иштеп жаткан. Өзү да Кызыл-Кыядагы “Сапатка” караштуу Исхак Раззаков атындагы лицейди 2010-жылы аяктап, кийин Түркиянын Газиантеп университетинин математика факультетин бүтүргөн.
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) деп жарыялаган. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон.
2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон. “Сапат” быйыл 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан. Түрк бийлиги 2016-жылы Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Себат" билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.(KS)
