ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ооган-Пакистан чек арасы: кан төгүүгө жеткирген доомат

0

Пакистан менен Ооганстандын чек арасында беш жерде катуу салгылашуу болуп, бир нече аскер каза тапканы кабарланды.

Пакистандын коопсуздук кызматындагы булактар "Машал" радиосуна билдиргендей, 12-октябрга караган түнү чек арага жакын райондогу салгылашууда жана андан кийин атышууда үч пакистандык аскер жана бир жаран окко учуп, беш аскер жараат алган.

Булактардын айтымында, чек аранын Пакистан тарабында жашаган айрым тургундар коопсуз аймактарга чыгып кетүүдө. Пакистан тараптын жооп катары ок атуусунан Ооганстандын аймагындагы Талибандын бир канча чек ара бекеттери жок кылынган.

Ооган тараптагы жоготуулар тууралуу азырынча маалымат жок.

"Пакистандык күчтөр тез жана катаал жооп кайтарып, ооган тараптагы бир канча чек ара бекеттерин бутага алды", - деп ырасташты өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери Dawn басылмасына.

Пакистан ок атышууда артиллерияны, танктарды, жеңил жана оор куралдарды колдонуп жатканы маалым болду.

Ооганстандын Талибан башкарган бийлиги өз кезегинде Дюранд сызыгына жакын Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн базаларына каршы операциялары ийгиликтүү болгонун ырастады.

Алардын айтымында, Пакистан Ооганстандын аба мейкиндигин жана аймагын бир канча жолу бузган.

Узундугу 2600 чакымдык Ооганстан–Пакистан чек арасы "Дюранд сызыгы" деп аталат. Чийин оторчулук доордо, 1893-жылы эл аралык чек ара катары белгиленген.

Талибандын Коргоо министрлигинин маалыматында, операция жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосунда аяктаган.

Бирок талибдердин өкүлдөрү Пакистан менен чек арага жакын Кунар, Нангархар, Пактия, Хост жана Гилменд провинцияларында кагылышуулар токтой электигин билдиришти.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын жогорку даражалуу өкүлү "Франс-Пресс" (AFP) агенттигине мындай деп билдирди:

"Бүгүн кечке жуук талиб күчтөрү курал колдонууга киришти. Биз чек аранын төрт участогунда алгач жеңил, андан кийин оор артиллерия менен аткылай баштадык".

Расмий өкүлдүн айтымында, пакистандык күчтөр жардыргыч зат алып жүрөт деп шек санашып үч ооган квадрокоптерин атып түшүргөн. Ал ошондой эле катуу салгылаш уланып жатканын кошумчалаган.

Мамиленин начарлашыЧек ара аймагынан түшкөн маалыматтарды азырынча көз карандысыз маалымат булактарынан текшерүү мүмкүн эмес.

Бир кездеги союздаштардын мамилеси оогандык талибдер Исламабадга кастарын тиккен экстремисттик "Техрик-е Талибан" тобунун жоочуларына баш калка берди деген айыптоодон улам бузулган.

2021-жылы Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин бийликке келген талибдер "Техрик-е Талибандын" мүчөлөрүнө баш калка бергенин четке кагып келет.

Булактардын "Машал" кызматына билдиришинче, 9-октябрда Пакистандын мурда болуп көрбөгөндөй дрон соккуларынын айынан Ооганстандын борборунда экстремисттик уюмдун эки жогорку даражалуу мүчөсү өлтүрүлгөн. Бул окуя эки тараптын ансыз да чыңалган алакасын ого бетер курчутту.

Пакистандын коопсуздук кызматындагы булак билдиргендей, Кабулга 9-октябрдын кечинде "Техрик-е Талибан" уюмунун лидери Нур Вали Мехсудду бутага алуу үчүн сокку урулган. Мехсуд бул соккуларда өлгөнү же аман калганы белгисиз.

"Техрик-е Талибандын" булактарынын маалыматында, лидер тирүү, бирок уюмдун эки ишенимдүү мүчөсү каза болду. Алардын ысымдары ачык айтылган жок.

Сокку тууралуу кабар тарагандан кийин пакистандык медиа каражаттары Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шафик Али Ханга таянып маалымат таратты.

Ал Исламабад Ооганстандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин урматтай турганын, ошондой эле терроризмге байланышкан көйгөйлөрдү талкуулоого жана кызматташууга даяр экенин белгилеген.

Өкүл ошол эле учурда Пакистан жарандарынын коопсуздугу жана бакубаттуулугу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Шафик Али Хан Пакистандын Ооганстандагы аба соккулары тууралуу комментарий берген жок, бирок өлкө чалгын кызматынын маалыматтарынан улам терроризмге каршы чара көрүп, өз жарандарын коргоп жатканын айтты.

Исламабад Кабулду "Техрик-е Талибан" кыймылынын мүчөлөрүнө өз аймагында башпаанек берүүнү токтотууга чакырды.

Иран, Сауд Арабиясы жана Катар расмийлери акыркы кагылышуулардан кийин тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Калкынын саны 247 миллионго чукул, армиясы күчтүү Пакистан дагы бир коңшусу Индия менен көп жылдан бери тирешип келет.

Пакистан бул жолу дагы Индия менен чек аралаш аймактарында армиясын жогорку даярдыкка келтирди. Бул касташкан эки өлкөнүн куралдуу кагылышуусу дагы кайталанышы мүмкүн деген чочулоо жаратты.

Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы чыңалуу Талибандын тышкы иштер министри Амир Хан Мутаки 9-октябрда Индияга тарыхый сапар менен барган тушта болду. Ал бир жумадай сүйлөшүү өткөрөрү күтүлүүдө.

Германияда жашаган Ооганстан маселелери боюнча эксперт Ишаг Атмар "чабуулдун убактысы кокустук эмес" деген ойдо.

"Мутаки мырзаны Индиянын расмийлери жылуу тосуп алып, келишимдерге кол коюлуп, дипломатиялык мамилелер элчилик деңгээлине көтөрүлдү. Пакистан муну көргөндөн кийин Индияга, Талибан өкмөтүнө жана чөлкөмдөгү абалга көз салган башка өлкөлөргө саясий ишарат кылды" дейт эксперт.

Калкынын саны 44 миллионго жакын, жакырчылыкка белчесинен баткан Ооганстан азыр эл аралык аренада обочодо турат. Учурда Талибанды өлкөнүн мыйзамдуу бийлиги катары Орусия гана тааныган.

Эл аралык коомчулук талиб өкмөтүн адам укуктарын, айрыкча аялдардын укугун одоно бузганы үчүн айыптап келет.

AFP, Dawn жана dpa маалымат агенттиктеринин материалдары колдонулду.