ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстан ТМУдагы экономикалык алаканын "жол картасын" сунуштады

0

Кыргызстан Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) алкагында экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча "жол картасынын" долбоорун даярдады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарындагы ТМУ саммитинде сүйлөп жатып билдирди.

Жапаров Кыргызстандын уюмга бир жылдык төрагалыгы ийгиликтүү болуп, бул убакта 124төн ашык иш-чара өткөнүн, муну менен биримдикти чыңдоо аракети көрүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле ТМУнун алкагында алгачкы жолу өкмөт башчылардын саммити өткөнүн эске салды.

Саммитте президент келерки жылы Кыргызстан 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрүн билдирип, анан ачылышын Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити менен чогуу өткөрүү пландалып жатканын кабарлады.

Жапаров бул уюмга мүчө өлкөлөрдү Кыргызстанда 30-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого байкоочу катары катышууга чакырды.

Эми Азербайжан бир жыл бою Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылмакчы.

2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан негиздеген бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте бирикме Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмдун ишине байкоочу катары катышып келет.