ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

УКМК Өзбекстанга маңзат киргизүүгө аракет кылган жаран кармалганын билдирди

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өзбекстанга маңзат алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын 6-октябрга берген маалыматына караганда, 5 килограмм гашиш алып бараткан жаран 2-октябрда Ноокен районунун Достук айылында, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

2024-жылы баңгизаттар боюнча 1087 кылмыш аныкталганын, анын 144 фактысы интернет аркылуу маңзат сатууга байланыштуу экенин ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 24-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирген. Ал интернет аркылуу маңзат сатуу көйгөйү курчуп жатканын белгилеген.