ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ошто эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан апасы менен кызы Баткенден табылды

0

Ош облусунда эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан апасы менен кызы Баткен облусунан табылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы алар 2-октябда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында тамактануучу жайлардын биринде иштеп жүргөнү аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Милициянын маалыматында 1-сентябрда Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын тургуну кайрылып, 41 жаштагы Назгүл Абдисатар кызы жана анын 12 жаштагы кызы Акмарал Абдисатар кызы эки айдан бери дайынсыз болуп жатканын кабарлап, издөө иштери башталган. (BTo)