"Акыркы кат" спектакли Түрк тилдүү өлкөлөрдүн театр фестивалында эң мыкты аталды
Кыргызстандын “Акыркы кат” спектакли Түрк тилдүү мамлекеттердин III эл аралык театр фестивалында “Эң мыкты спектакль” деп табылды. ТҮРКСОЙ уюму уюштурган маданий иш-чара Казакстандын Актау шаарында өттү, ага жети өлкөнүн мыкты театрлары катышты.
Бул жолку фестивалдын тематикасы түрк тилдүү элдердин тарыхы тууралуу болуп, ар бир өлкө өз тарыхый спектаклин көрсөттү.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Кайрат Иманалиевдин калемине таандык, Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган “Акыркы кат” спектакли менен катышып, тарыхый теманы мыкты сахналаштырганы үчүн “Эң мыкты спектакль” номинациясын жеңип алды.
Сыйлыкты театрдын директору Асылбек Өзүбековго калыстар тобунун төрайымы, Казакстандын көрүнүктүү театр сынчысы, профессор Сания Кабдиева тапшырды.
Эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев Кыргызстан бул фестивалда жогору баа алганын өнөр сынагынын мыкты жана өзөктүү кубулушу деп атады:
"Репрессия, руханий геноцид бу ашынган мезгилдин трагедиясы. Идеологиялык антуражы. Драматург Кайрат Иманалиев “Акыркы кат” пьесасы менен улут театр мейкиндигине тарыхый жана ыймандык катарсисти козгогон. Эгерде биз бу руханий чыңалуу “талаасындагы” тарыхый адилеттүүлүктү издесек, аны эң оболу адамдын жеке тарыхы менен тагдырынан табабыз. “Акыркы кат” эң оболу болочокко жазылган кайрылуу, ыйман жоопкерчилиги, адамдын адам бойдон калуусунун айныксыз чындыгы".
Фестиваль бир апта уланып, 26-сентябрда жыйынтыкталды. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жана Венгрия өкүлдөрү катышты. (RK)