Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатты. Өлкөнүн эгемендик тарыхында алгач жолу ишке ашкан бул чечимди депутаттар саясий туруктуулукту сактоо ниети менен түшүндүрдү. Эми мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун датасы беш күн ичинде жарыяланышы керек. Жетинчи чакырылыштагы парламент кандай иштеди? Өзүн-өзү таркатууга барган депутаттардын кийинки шайлоого катышууга моралдык укугу барбы? Кийинки шайлоо кандай өтөт? Дал ушул суроолордун “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууладык.