ru24.pro
World News in Kyrgyz
Июнь
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Пакистан өкмөтү апрелден бери 200 миңден көп ооганды депортациялады

0

Пакистандын өкмөтү апрел айында депортация программасын күчөткөнү 200 миңден көп ооган мекенине кетирилди. Бул тууралуу АФП агенттиги Пакистандын Ички иштер министрлигинин статистикасына таянып жазды. Маалыматка ылайык, апрелде 135 миңден ашуун, май айында 67 миң оогандык депортацияланды, июндун эки күнүндө 3 миңден көбү өлкөдөн чыгарылды.

Согуштардан жана экономикалык каатчылыктан качкан оогандардын бир нече мууну Пакистанда жана Иранда баш калкалаган. Ал эки өлкөнүн өкмөттөрү мигранттардын агымын ооздуктоо үчүн миллиондогон кишиге чыгып кетүү буйругун берген.

Исламабад 800 миңден көп оогандын убактылуу жашоо уруксатын жокко чыгарып, депортация өнөктүгүн баштаган. Оогандардын айрымдары Пакистанда төрөлүп, ондогон жылдан бери ал жакта жашачу.

Пакистан өкмөтү июндун аягында БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты берген качкын макамына ээ 1,3 миллион ооган мындан ары корголбойт деп эскертүүдө.

Шейшембиде БУУнун Миграция боюнча уюму (IOM) Ирандан чыгарылган ооган үй-бүлөлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу камтамасын билдирди. Алардын маалыматы боюнча, өткөн айда 15,675 киши мекенине күчтөп кайтарылган. Бул – алдыңкы айдагы көрсөткүчтөн эселеп ашат.

Тегеран документтери жок оогандыктарга 6-июлга чейин чыгып кетүү көрсөтмөсүн берген.