Түркияда түркмөнстандык активист Умида Бекчанова кармалды
30-майда Стамбулда түркмөнстандык активист Умида Бекчанованы белгисиз бирөөлөр кармап, ал депортация борборуна киргизилгени кабарланды. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы активисттин тарапташтарына шилтеме берип жазды.
"Учурда ал Стамбулдагы репатриация борборунда кармалып турат. Адвокаттар менен жолукту. Умида бир аз коркуп калыптыр, бирок саламаттыгы жакшы. Өзү менен телефон аркылуу сүйлөшө алдым", -деди түркмөнстандык активист Үмүт Кузубаев "Азатлык" радиосуна.
Кузубаев журналисттерге активист оор шартта кармалып турарын жана анын адвокаттары Түркмөнстанга экстрадицияны болтурбоо үчүн бардык аракетин көрүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин Түркиянын бийлиги Умида Бекчанованын бул өлкөдө жашоого уруксатын жокко чыгарган. Активист мекенине депортациялоо коркунучу турганын билдирген.
Умида Бекчанова HSM Habarlary деген аталыштагы Телеграм жана Ютуб каналдары аркылуу Түркмөнстандагы жарандардын көйгөйлөрү тууралуу маалымдап турат.
Turkmen.news басылмасы Швецияда жашаган түркмөн оппозиционери Халмырат Союновго шилтеме жасап Бекчанованы өздөрүн полиция кызматкерибиз деп тааныштырган жарандык кийимчен адамдар кармап кеткенин билдирген.
Өткөн айда Түркия эки түркмөн активистин экстрадициялаганы кабарланган. Түркиянын бийлиги түркмөнстандык активист, блогерлер Алишер Сахатов жана Абдулла Орусовду коргоодон баш тарткан.
Сахатов түркмөн бийлигинин ишин сындап, мекендештеринин көйгөйлөрүн чагылдырган "Эркин көз караш" деген аталыштагы Ютуб каналы менен белгилүү. Ал Түркияга 2018-жылы үй-бүлөсү менен көчүп барган.
Абдулла Орусов социалдык тармактагы баракчаларында түркмөн аткаминерлеринин мыйзамга туура келбеген иштерин ачыктап келген. (AiA)