Туманбаев мамлекеттик ипотекага 50% төлөгөндөрдүн кезеги жок экенин айтты
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) турак жайдын баасынын 50% төлөгөндөр батирди кезексиз ала турганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-мартта Президенттин иш башкармалыгынын Фейсбуктагы баракчасында элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“50% үлүш менен алгандардын кезеги жок. Бир эле шарты бар – акыркы үч жылдын ичинде адамга үй, жер тилкеси катталган болбошу керек. Машинеси болсо эч нерсе болбойт. 50% берет, калган 50% 15 жылда төлөйт. Айтып кете турган нерсе Мамлекеттик ипотекалык компанияда азыр кезек боюнча маселе жок”, - деди ал.
Каныбек Туманбаевдин сөзүнө караганда, Мамлекеттик ипотекалык компания ушул тапта Кыргызстан боюнча 65 миңге жакын батир салып жатат.
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 3-марттагы жыйынында депутаттар Бишкекте берилип жаткан ипотекалык турак жайлардын чарчы метри 1400 долларга чейин бааланарын сынга алышкан.
Президент Садыр Жапаров 10-мартта буга түшүндүрмө берип, Мамлекеттик ипотекалык компания салдырып жаткан үйлөрдүн бир чарчы метри Чүй облусу жана Бишкек шаарында 650 доллар, ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 700 доллар экенин айткан. “Алыскы аймактарга курулуш материалдары Бишкектен ташылып жаткандыктан турак жайлардын бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак” деп билдирген. МИК Бишкекте салдырып жаткан айрым батирлердин бир чарчы метри 1400 долларга чейин чыгарын, бул жеке компаниялардын баасынан төмөн экенин кошумчалаган.
Ал эми батирдин баасынын жарымын төлөп 15 жылга алгандар социалдык ипотекага кезекке тургандарга тиешеси жок экенин билдирген.
Январь айында өлкөдө 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турганы айтылган.
Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген. (BTo)