Рахмондун сапарына байланыштуу Бишкекте бардык билим берүү жайлары онлайн иштейт
12-13-март күндөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке мамлекеттик сапары учурунда борбор калаадагы мектептер, бала бакчалар, менчик формасына карабастан, баары тең аралыктан иштөөгө өтөт. Бул тууралуу буйрукка шаардык билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева кол койду.
Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен кесиптик, орто, жогорку окуу жайлар жана кошумча окуу курстары да убактылуу ушундай эле тартипте иштөөгө өтөт.
Сабактар электрондук каражаттар жана платформалар аркылуу жүргүзүлөт.
Маалыматта ошондой эле ар бир бала бакчада нөөмөтчү топтор иштей турганы айтылды.
Тажикстан президентинин мамлекеттик сапары учурунда Бишкектеги жана Чүй облусундагы бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилери да кабарланган.
Рахмон Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен 12-13-март күндөрү болот. Бул чек ара чырына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси начарлап кеткенден бери Эмомали Рахмондун Кыргызстанга биринчи сапары болот. Анда чек ара келишимине кол коюлары кабарланган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.(ZKo)