ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

УКМК Жумгалда жер, Сүлүктүдө имарат мамлекетке кайтарылганын кабарлады

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал айылында жайгашкан мурдагы “Дружба” пионер лагеринин жери мамлекетке кайтарылганын маалымдады. Лагердин аянты 4,5 гектар.



Мекеменин басма сөз кызматы 11-мартта кабарлагандай, пионер лагери "Оргтехника" акционердик коомунун объектилерин мамлекетке кайтарып алуу боюнча кошумча иш-чаралардын жүрүшүндө алынган.



"180 орундуу "Дружба" пионер лагерин кыймылсыз мүлктү каттоо органдары эч кандай документи жок «Үмүт» кооперативине өткөрүп бергени аныкталган. 2008-жылдын 31-декабрында "Үмүт" кооперативинин директору Р.К. "Достук" пионердик лагерин М.Б.С. аттуу жаранга сатып алуу-сатуу келишими боюнча ажыраткан", -  деп жазылган маалыматта.



Атайын кызмат лагердин жайгашкан орду гана калганын, турак жай корпустары бузулуп, алардын материалдары сатылып кеткенин кошумчалады. Мурдагы пионер лагери Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын балансына өткөрүлдү. Буга чейин мурдагы Миң-Куш "Оргтехника" заводуна таандык товардык-материалдык баалуулуктар, жалпы аянты 11 га болгон 6 кыймылсыз мүлк объектилери (жер тилкелери жана имараттар), станоктор мамлекеттик баланска кайтарылган. Учурда аталган ишкананын калган объектилерин кайтаруу боюнча кошумча иш-чаралар улантылып жатканы белгиленди.



УКМК ошондой эле 11-мартта Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, оорукананын имараты жалпы 0,88 га аянты менен мамлекетке алынды.



Оорукананын имараты 2010-жылдын декабрында ачык аукцион аркылуу Жер кодексинин 78-беренесинин 2-пунктун бузуу менен көмүр казуучу компанияга жеке менчикке сатылганы, бирок максатсыз пайдаланылып, бузулуп, иштебей калганы маалымдалды. Аталган имаратты көмүр казуучу ишканалар Сүлүктү шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришкени белгилүү болду.




УКМК Кыргызстанда мыйзамсыз менчиктештирилген мекемелерди мамлекетке кайтаруу иштерин акыркы эки жылдан бери активдүү жүргүзүүдө. Бул аралыкта 1990-жылдардан берки убактарда мыйзамсыз жеке колго өтүп кеткен бир катар мекемелердин имараттары, жерлери мамлекетке кайтарылганы кабарланган. (ZKo)