"Үчөөнүн сөөгү үч жерден табылды". АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болду
Америкада туруктуу жашаган кыргызстандык жубайлар беш жаштагы уулу менен белгисиз жагдайда киши колдуу болгону кабарланды. Учурда бул нес кылган окуяны иликтөө жүрүп жатат. Бул үй-бүлө АКШга 15 жыл мурун барып, соңку жылдары Чикагого чукул Орора шаарында жашап жаткан.