ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ирригациялык оңдоо иштери үчүн 4,8 млрд сом бөлүндү

0
Кыргызстанда 2025-жылы суу сактагычтарды оңдоо, каналдарды куруу, жаңы сугат системасын орнотуу үчүн 4,8 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.



Анын сөзүнө караганда, 10-мартка карата өлкөдөгү суу сактагычтарда 1,5 млрд метр куб суу бар, бул былтыркы көрсөткүчтөн 350 млн метр кубга көп. Быйыл 1,22 млн гектар жерди сугарууга 6,8 млрд метр куб суу берилет.



Төрөбаев ошондой эле 20 миң гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасы орнотулганын, бул суу ресурстарын үнөмдөөгө шарт түзөрүн билдирди.



Министр кошумчалагандай, 2025-жылдын эки айында 130,2 чакырым ички чарбалык суу каналдары тазаланды. Быйылкы жылы 168 айылга суу менен камсыздоочу жаңы система орнотулчу болсо, 40 айылда бул аягына чыкты, 90 айлда долбоорлоо-сметалык документтерди иштелип чыгып жатат.




2024-жылы ирригация тармагын жакшыртуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 млрд сом бөлүнгөн.


Кыргызстанда акыркы жылдары кургакчылыктан улам сугат суу жетишпей, талаада эгин-тегин кургап кеткени айтылган. 2023-жылы Кыргызстанда суу тартыштыгынан 42 миң 567 гектар жер айдалбай калган.(ZKo)