ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Фейсбуктун колдонуучусу Азамат Марипов эки айга камалды

0
Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов 7-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Тиелешүү токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-мартта чыгарганын, аны камакка алуу өтүнүчүн судьяга Ички иштер министрлигининин (ИИМ) тергөөчүсү бергенин райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып тагылды.


ИИМ Азамат Мариповго козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. “Азаттык” чалганда адвокаты кийинчерээк байланыша турганын айтты.


Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн.




2024-жылы апрель айында өздөрүн “Мекенчил” партиясынын тарапкерлери деп атаган дагы беш киши менен кошо Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренеси менен кармалып, сентябрь айында “алардын аракетинде кылмыштын курамы жок” деген негиз менен баары тең акталган.


Азамат Марипов бул иш боюнча бир нече жолу кайрылуу кылып “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун” айтып видео кайрылуу жасаган. “Каныбек Туманбаевге жакын адамдар буга чейин “Мекенчил” партиясында жүргөн бир нече адамга чагымчылык кылып, карматууга аракет кылган” деп айыптаган.


Кийинчерээк Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасында Азамат Мариповду өзүн “шантаж кылууга өттү” деп жазган.


Азамат Марипов камактан чыккандан кийин Фейсбуктагы баракчасынан ушундай эле билдирүүлөрдү жазып, мыйзамсыз камалгандардын укугун коргоо кометети түзүлүп жатканын билдирген. (BTo)