ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Америкалык жашыруун космоплан 434 күндөн кийин Жерге кайтып келди

0
Америкалык космоплан X-37B 434 күндүк жашыруун аскердик миссиясынан кийин Жерге кайтып келди. АКШнын Космостук күчтөрүнүн билдирүүсүндө аппарат "жүзөгө ашырылган бир катар сынактар жана эксперименттер аркылуу жаңы горизонтту ачканы" айтылат.


Космоплан 7-мартта Калифорнияга конду. Бул аппараттын жетинчи жолку сыноо иретинде учуусу болду, ал 2010-жылы алгачы ирет абага көтөрүлгөн. Ал оор ракеталардын жардамы менен учуп, жерге учак режиминде өз алдынча конот.


X-37B Boeing корпорациясы тарабынан иштелип чыккан. Космостук күчтөрдүн билдирүүсү боюнча, жогорку эллиптикалык орбитадагы сыноолор "космопландын ишенимдүү кыймыл мүмкүнчүлүктөрүн" көрсөттү. Жүргүзүлгөн эксперименттердин максаты — "АКШнын Космостук күчтөрүнүн космос чөйрөсүндөгү тажрыйбасын жакшыртуу" деп айтылууда.


X-37B жашыруун аскердик космопланынын жетинчиси 2023-жылы 29-декабрда учурулган. Флорида штатындагы Канаверал тумшугунан учурулган бул космоплан Илон Масктын SpaceX компаниясынын эң оор класстагы, буга чейинки миссиялардан айырмаланып жогорураак орбитага жеткире алчу Falcon Heavy ракетасынын жардамы менен учурулган алгачкы автоматтык аппарат болуп калды.


Буга чейинки беш жолу автоматтык аппаратты учуруу үчүн Boeing жана Lockheed Martin компанияларынын United Launch Alliance биргелешкен ишканасы өндүргөн Atlas V ракета алып жүрүүчүсү колдонулуп келген.


АКШнын буга чейинки космопланы орбитада эки жылдан ашуун убакыт болуп, Жерге 2022-жылы ноябрда кайтып келген.