Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого чакырган жүрүш өттү
Бүгүн, 8-мартта Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү өттү. Бул жолу марш “Жаша аялзаты, жаша” деген ураандын алдында уюштурулган.
“Бишкек феминисттик демилгелери” уюму, активисттер уюштурган жүрүш эски аянттан башталып, Максим Горький аянтындагы бакчада улантылды.
Марштын уюштуруучулары 8-март бардык аялдар үйдө, кеңседе же дагы башка жакта иштегенине карабай өздөрүнүн социалдык, экономикалык жана саясий укуктарын коргоо үчүн тилектештик көрсөтүү күнү экенин белгилешти.
Жүрүшкө 300дүн тегерегинде киши катышып, жаштар колуна аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону, коопсуз жашоону камсыз кылууну талап кылган жазууларды кармап чыгышты.
Ушул күнү президент Садыр Жапаров башчы 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда Кыргызстан аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманарын билдирди.
Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталууда.
Буга чейин Башкы прокуратура 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгонун билдирген.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1% же 4 212 окуяга көп. (КЕ/ERN)