ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

"Сосновка" бекетинде жүк ташуучу автоунааларга кайра чектөө киргизилди

0
Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусундагы бороонго байланыштуу Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда кайрадан оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Чектөө түшкү саат саат 14:00дөн тарта кирген. Аталган мекеме Жол тейлөө ишканасы тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатканын, жеңил унааларга жол ачык экенин кошумчалады. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын бардык аймактарда тынымсыз аткарууда.



"Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 8-мартта саат 10:15тен тартып алынган.



Метеорология кызматы Кыргызстанда 7-10-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскерткен.



Айдоочуларга зарылчылык болбосо бул күндөрү жолго чыкпай туруу, ал эми жолдо унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпөө сунуш кылынган.(КЕ)