ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Түштүк Кореяда бийликтен четтеген президент Юн Сок Ёль тергөө абагынан чыкты

0
Түштүк Кореянын күтүүсүз аскердик абал жарыялаганы үчүн убактылуу кызматтан четтетилген президенти Юн Сок Ёл бүгүн, ишемби күнү тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги кабарлады.



Мунун алдында Сеулдун соту айыптоо мөөнөтүн жана тергөө процессинин “мыйзамдуулугуна байланыштуу маселелерге” негиз кылып Юндун камакка алуу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн канаттандырган. Прокурорлор бул чечимге каршы даттанган жок.



"Биринчи кезекте мен Борбордук райондук сотко мыйзамсыздыкты жоюуда көрсөткөн эрдиги жана чечкиндүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет", - деди Юн абактан бошотулгандан кийин.




Түштүк Кореяда сот 19-январда Юн Сок Ёлду камоого расмий ордер берген. Ишти Сеул округдук соту караган.



Процесс маалында кызматтан четтетилген президенттин жүздөгөн тарапташы чогулуп, соттун имаратынын айнектерин сындырып, ичине кирүүгө аракет кылышкан. Ошол эле жерде Юнга каршы болгондор дагы митинг уюштурган.



Юн Сок Ёль 15-январда камакка алынган. Анда ал өзүнүн камалышын мыйзамсыз деп эсептерин, бирок кан төгүүнү алдын алуу үчүн суракка барууга өз каалоосу менен макул болгонун айткан.



Бул Түштүк Кореянын тарыхында иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары убактылуу токтотулуп, камакка алынган биринчи учур болуп калган.



Андан эки аптадай мурда тергөөчүлөр Юн Сок Ёлду резиденциясынан анын тарапташтарынын каршылыгынан улам суракка алып кете албай коюшкан.



Өлкөнүн парламенти былтыр 14-декабрда Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болгон.



Юн бир эле убакта аскерлерге президенттин жарлыгын жокко чыгарууга жол бербөө үчүн парламент депутаттарын камакка алууга буйрук берген деп шектелүүдө. Аскер күчтөрү парламентти басып алууга аракет кылгандыктан, депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш берген. Депутаттар добуш бергенден кийин аскерлер казармага кайтып келип, жарлык жокко чыгарылган.