Бишкектеги зомбулук: Кыз-келинди ким коргойт?
Бишкекте зордуктоого шектелген беш киши эки айга камалды. Милицияга кайрылган кыз көңүл ачуучу жайлардын биринде аны беш киши белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган. Социалдык медиага жарыяланган видеодо топ киши кызды белгисиз жакка көтөрүп баратканы көрүнөт.