Бишкекте бир нече көчө узартылат
Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн жыйында Бишкектеги быйыл оңдолуучу жолдор, кеңейтилүүчү көпүрөлөр тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу 6-мартта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Быйыл борбор калаада төрт жаңы көчө: Сухе-Батор, Ауэзов, Ахунбаев, Токтоналиев көчөлөрүнүн уландысы курулат.
Мындан тышкары үч көпүрө: Ауэзов көчөсүндө Бишкек Жылуулук электр борборунун каналы аркылуу өтүүчү, Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн суусундагы жана Шүкүров көчөсүндөгү Чыгыш Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөлөр курулат. Шаар бийлиги быйыл ошондой эле эстакадалык көпүрөлөрдүн курулушу башталарын да билдирүүдө.
Булардан тышкары Жибек Жолу проспекти, Жаш Гвардия бульвары, Шабдан баатыр, Ахунбаев, Медеров жана Курманжан датка көчөлөрү толук реконструкцияланат.
Мэриянын маалыматына караганда, быйыл Бишкекте жаңы жолдорду курууга 4 млрд сом сарпталат.
2024-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда милдеттенмелерди аткарууну кечеңдетүү жана аткарбоо фактылары боюнча кылмыш ишин козгогонун кабарлаган.
Президент Садыр Жапаров былтыр апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде өткөн жылы Бишкек шаарындагы 18 көчөнүн жолун капиталдык оңдоого 15 жеке компания тартылганын, алардын алтоонун жумушунда кемчиликтер аныкталып, өз каражатынын эсебинен кайра оңдой турганын айткан.(ZKo)