ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Баткен: Достук айылынын тургундары Чет-Булакка көчөт

0
Баткен районундагы Достук айылынын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Чет-Булак Баткен шаарынын четинде жайгашкан.



Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов үй куруу иши жакынкы күндөрү башталып, үч-төрт ай ичинде элди көчүрүп чыгуу аяктай турганын "Азаттыкка" 6-мартта билдирди.


Өкүлдүн айтуусунда, мындай чечим Достук айылынын эли менен жолугушкандан кийин жетишилген.



Шаменовдун сөзүнө караганда, Чет-Булакка көчүп барган ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет бардык шарты бар үй куруп берет. Жалпы 71 үй курулат.


Мындан сырткары мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине беш сотыхтан жер тилкеси турак жай салуу үчүн берилет.



Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Баткен районунун Кызыл-Бел айылынан 9 гектар жер бөлүнөт.



Аймактык кабарчыбыздын маалыматына караганда, бул сунушка Достуктун тургундары макулдугун беришти.



Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессинин жыйынтыгы менен Кыргызстандын Достук айылы Тажикстанга өткөн. Ага ылайык айыл эли башка аймакка көчүрүлүүдө.






Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.



Достук – Баткен шаарынан 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.



2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп, баары жаңыланган.



Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.



Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери тууралуу расмий Дүйшөмбү азырынча маалымат бере элек. (ZKo/JsA)