ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ӨКМ: Тоолордогу жолдорго кар көчкү түшөт

0
7-марттан 10-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоолордогу жолдорго кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.



Маалыматка ылайык, кар көчкү Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларына, Чычкан капчыгайына, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусуна түшүүсү мүмкүн.



Ошондой эле Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку, Ош – Сары-Таш – Эркечтам, Каракол – Эңилчек, Барскоон – Ак-Шыйрак сыяктуу тоолуу жолдорго да кар көчкү түшүү коркунучу бар.



Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. ӨКМ кырсыктарды болтурбоо жана алдын алуу үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертүүдө.




22-январда Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу туннелинин алдында эки жолу кар көчкү түшүп, алты жеңил автоунааны жана 1 “Спринтер” үлгүсүндөгү унааны басып калган. Алардын ичинен бир жеңил машина толук көчкү алдында калган.



Куткаруучулар кар көчкүнүн алдында калган автоунаадан төрт жаранды алып чыгышкан. Эс-учун жоготкон аял “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Көчкүнү тазалоо иштери жана башка тилкелерде карды атып түшүрүү иштери күчөтүлгөн.(ZKo)