ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкекте адвокат бешинчи кабаттан бой таштап каза болгон окуя иликтенүүдө

0
Бишкекте 5-мартка караган түндө саат 03:50 чамасында милициянын 102 кызматына шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатынан бой таштаган аял каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн.



Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, маркум 58 жаштагы аял экенин аныктаган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат, тиешелүү экспертизалар дайындалды.



Айрым маалымат каражаттарында бешинчи кабаттан бой таштап каза болгон аял адвокат Зафира Барузова экени жазылды.


Барузова 2022-жылы Бишкекке Казакстандан келген, атайын кызмат кармаган казакстандык активисттердин укугун коргоп жүргөн.


Социалдык тармактарда окуя кызуу талкууланып, адвокаттар өздөрү коргоого муктаж болуп жатканы тууралуу пикирлер менен коштолууда.


24-февралда былтыркы ноябрдын аягынан бери камакта жаткан адвокат Самат Матцаков эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде абактан чыккан.




Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана пробациялык жаза алган журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду былтыр 29-ноябрда кармаган.



Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана, 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.(ZKo)