Кыргыз-тажик чек арасы: Айжигитовдун билдирүүсү, "Ыйман Нурунун" чечими
Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды. Бир катар эл өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча бийликтин аракетин колдоо керектигин айтышты.