Январда Өзбекстан алтын сатып алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты
Январда Өзбекстан алтын сатып алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) маалыматында айтылат.
Ага ылайык, январда кошуна өлкөнүн Борбордук банкы 8,1 тонна алтын алган. Ошону менен Өзбекстандын алтын запасы дээрлик 391 тоннага жетти. Бул жалпы резервдин көлөмүнүн 82% түзөт.
Өзбекстандан тышкары эң көп алтын алган мамлекеттердин арасында Кытай жана Казакстан бар.
Буга чейин кабарлангандай, жылдын алгачкы айында Өзбекстандын алтын запасы рекорддук чекке жеткени, 35 млрд доллардан ашканы маалымдалган.
Алтын өзгөчө экономикалык бейстабилдүүлүк учурунда салттуу түрдө ишенимдүү актив болуп эсептелет. Анын жалпы резервдеги үлүшүнүн өсүшү валюта курсунун олку-солкусунан жана башка тобокелдиктерди азайтууга жардам берет.
WGC маалыматына караганда, Кыргызстан январь айында тескерисинче 1,9 тонна алтын саткан.