ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстанда мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат

0
Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы Кыргызстанда мектеп окуучуларынын 3-чейреги 14-мартта аяктап, 17-марттан тарта жазгы каникул башталарын жарыялады. 4-чейрек 24-марттан тарта башталат.



Министрликтин маалыматына ылайык, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына жараша аныкталган.



Салт болуп калгандай, Кыргызстандын мектептериндеги 3-окуу чейреги Нооруз майрамын (21-март) утурлай аяктап, 4-чейрек адатта 1-апрелден тарта башталчу.


Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. (ZKo)