Еврошаркет Српска республикасында “чет элдик агенттер” мыйзамын кабыл алууну сындады
Европа биримдиги Босния жана Герцеговинадагы Српска республикасында Орусиянын үлгүсүндөгү “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамдын кабыл алынышын айыптады. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу алган комментарийде мыйзам Босния жана Герцеговинанын «конституциялык жана укуктук түзүлүшүн бузары» белгиленет.
Шаркеттин басма сөз кызматы парламент өткөн жумада кабыл алган мыйзам Српска республикасы өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу багытында өзүнө алган "милдеттенмелерге каршы келет" деген пикирин ортого салды.
Босния жана Герцеговинанын курмандагы түзүлүштүн орусиячыл президенти Милорад Додик көптөн бери эле чет жактардан каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзамды кабыл алууну көздөп келатат. Ал өз аракеттерин АКШдагы чет өлкөлүк агенттерди каттоо мыйзамы (FARA) менен салыштырган.
Бирок “Азаттыктын” Балкан кызматы документти анализдеп чыгып, анын Орусиянын 2012-жылы кабыл алынган “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамына көбүрөк окшошорун аныктады.
Оппозициялык депутаттар сөз болгон мыйзам боюнча добуш берүүнү иш жүзүндө бойкоттоду. Документ расмий түрдө чет өлкөдөн каржыланган же колдоо алган “Коммерциялык эмес уюмдардын атайын реестри жана алардын ишин ачык жүргүзүү” тууралуу деп аталат.