ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Казакстанда дагы бир активист жүрүшкө катышканы үчүн 10 күнгө камалды

0
Казакстандын Алматы шаарынын административдик соту 3-марттын кечинде активист Акторгын Аккенжебаласын 10 күнгө камакка алды. Бул тууралуу “Феминита” уюму Instagram баракчасына жазды.


Сот аны Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 488-беренесинин 7-бөлүгү ("тынч чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча күнөөлүү деп тапты.


Маалыматка караганда, активистке 2024-жылдын май айында уруксат берилбеген жөө жүрүшкө чыкканы үчүн айып тагылган.


Былтыр майда “Феминита” уюмунун бир нече активисти Алматы шаарында Салтанат Нукенованын өлүмү үчүн 24 жылга соттолгон мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевди өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылып, жөө жүрүш өткөрүшкөн.


Буга чейин Алматынын соту Акторгын Аккенжебаласына 22-январда Qaznews коомдук сатиралык баракчасынын автору Темирлан Енсебекти коргоп, пикетке чыкканы үчүн 196 миң 600 теңге (400 доллар) айып пул чегерген.




Казакстанда 8-марттын алдында фемактивисттер камалган окуялар бир нече жолу катталган. Быйыл 28-февралда “Май маршы” үчүн "Феминита" феминисттик кыймылынын негиздөөчүсү Жанар Секербаева 10 күнгө камакка алынган.


“Феминита” уюмунун февралда Алматыда өткөн иш-чарасы үзгүлтүккө учурагандан кийин анын мүчөлөрүнө административдик чара көрүлө баштады. Уюмдун өкүлдөрү жарыялаган видеодо иш-чара өтүп жаткан имараттын эшигин “Рахым” аялдар фондунун мүчөлөрү бузуп киргенин көрүүгө болот.


Былтыр Казакстанда жубайы Салтанат Нукенованын өлүмүнө мурдагы министр Куандык Бишимбаев соттолгон. Нукенованын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган. (AiA)