"Компромисстик вариант". ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунда кандай чектөөлөр калды?
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 3-марттагы жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Анда бул макулдашылган варианты экени, талаш-талкуу жараткан айрым жоболор алып салынганы айтылды.