АКШда тажик жараны террорчулукка шектелип кармалды. "ИМ" тобунан коркунуч күч алдыбы?
Февралдын этегиндк АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган тажикстандык жаран "Ислам мамлекети - Хорасан" террордук тобу менен байланышы бар деген айып менен кармалды. Cоңку жылдары кандуу калабаларды пландаган же ишке ашырган деп айыпталган борбор азиялыктардын "кара тизмеси" кеңейип бараткандай.