ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор президентке кайрылды

0
Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор президент Садыр Жапаровго кайрылып, парламентте кабыл алынган жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырды. Алар бүгүн, 3-мартта маалымат жыйын уюштуруп, аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтышты.


Алардын бири Мария Абакирова эгер мыйзамга кол коюлуп, ал иштей баштаса Совет бийлиги учурунда мамлекет бөлүп берген жер тилкелеринин "кызыл китеби” жоюлушу мүмкүн экенин, кадастр аркылуу "каалаган жерди, каалаган кишиникин алып коюшарын", реновация деген да коркунуч жаратарын айтты. Нааразы болгондор мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыкканда эч кимдин кабары болбогонун же электрондук турдө берилген сунуштарга көңүл бурулбаганын белгилешти.




Жогорку Кеңеш 13-февралдагы отурумунда талаш жараткан Жер кодексинин жаңы редакциясын кабыл алган. Парламентте дачалардын маселеси талкуу жаратып, 13 депутат мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун берген. Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча соңку талкуу тууралуу пикирин билдирген.


Анда президент менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлктөр кол тийгис экенин айткан. Жапаров жеке менчик жерлер жергиликтүү бийлик тарабынан текшерилип турушу керектигин айтып, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырган.


Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.

Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирүүдө. Маселен, ал кабыл алынса, Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра ревизиядан өтүшү мүмкүн.


Айрым депутаттар жана коомчулук өкүлдөрү дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Өкмөт андай коркунуч жок экенин билдирүүдө.(KE)