"Азаматтын жашы токтободу". Оор абалдагы апасын көргөн акын абакка кайтты
Беш жылга кесилген акын жана журналист Азамат Ишенбеков катуу ооруп жаткан чоң апасынын жанында 40 мүнөт отуруп, кайра Петровкадагы абакка кайтканы белгилүү болду. Ага чейин Ишенбековго абак жетекчилиги үч күндүк уруксат бергени айтылган.