ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Скутерчен баланы коюп кеткен блогер кармалды

0
Бишкекте 17 жаштагы уланды катуу ылдамдыкта сүзүп кеткен айдоочу кармалып, тергөө абагына киргизилди.


Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы таратты.


Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-февралда болжол менен кечки саат 21:00дө болгон. 17 жаштагы К.Д. Асылкеч көчөсү тараптан скутер менен келип, Жайыл-Баатыр көчөсүнөн батышка карай бурулуп жатканда БМВ-740 үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүп кеткен.


Автоунааны 1999-жылы туулган Э.М. аттуу жаран башкарып бараткан. Скутерчи жаш жигит кырсык болгон жерде жан берген.


Укук коргоо органдары факты Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен каттоого алынганын кабарлады.


Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, 2024-жылы өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган. Соңку эки жылда мас абалында машина айдаган 17 928 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылган. ((KbA)