ЖАМК абактагы Азамат Ишенбековго бир күндүк уруксат берилгенин билдирди
Камактагы журналист, акын Азамат Ишенбековго катуу ооруп жаткан чоң апасын көрүп келүүгө бир күнгө уруксат берилген. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 2-мартта “Азаттыкка" билдирди.
"№8 абакта жазасын өтөп жаткан Ишенбеков Азаматка чоң энеси катуу ооруп жатканына байланыштуу бир күнгө кыска мөөнөткө чыгып келүүгө уруксат берилген. Уруксат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген, анда өзгөчө жеке жагдайлар болгон учурда соттолгондун убактылуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү каралган. Соттолгон Ишенбековду Нарын шаардык ооруканасына ЖАМК кызматкерлери коштоп барган. Бардык иштер белгиленген эрежелерге ылайык уюштурулган жана бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жүзөгө ашырылды", - деп жазылган ЖАМКнын билдирүүсүндө.
Беш жылга кесилген журналист Азамат Ишенбековду абак кызматкерлери Ишенбековду 1-март күнү Нарын облусуна коштоп барып, ооруканада оор абалда жаткан чоң апасы менен кыска мөөнөткө жолугуштурган.
Журналисттердин укугун коргогон адвокаттардын белгилешинче, Жазык аткаруу кодексинин 97-беренесине ылайык, камакта жаткан адам жүйөлүү себептерден улам жакындарына барып келүүнү суранып, арыз менен абак жетекчилигине кайрылса, анын арызы бир сутканын ичинде каралууга тийиш. Ага уруксат берүү же бербөө чечимин абак жетекчилиги кабыл ала алат.
27 жаштагы Азамат Ишенбеков социалдык тармактарда акын катары таанылган. Ал “Айт, айт десе” каналында коомдогу көйгөйлөрдү, саясий жүрүштөрдү ырга айланткан видеолорду чыгарып келген. Ата-энесинен эрте айрылган Азамат чоң ата, чоң апасынын колунда чоңойгон.
Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Азамат Ишенбековду жана Махабат Тажибек кызын беш жылга абакка кескен. Жогорку сот 25-февралда журналисттердин кассациялык арызын карап, райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. (KbA)