IPHR Евробиримдикти Борбор Азиядагы адам укугунун абалына көңүл бурууга чакырды
Борбор Азия мамлекеттеринин тышты иштер министрлери менен Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас менен жолугушуусу алдында Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму аймактагы адам укугунун абалынын начарлашына көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.
Кая Калласка жолдонгон кайрылууда Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндиги жөнүндө дагы жазылган. Уюм өлкөдөгү тынч жыйындарга чогулууга чектөө, журналисттердин соттолгону, “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы кабыл алынышы сыяктуу маселелерди белгилеген.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас 4-мартта Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен Түркмөнстанда жолугушары кабарланды.
Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар жана адам укуктары сакталарын кайталап келет. (TSh)