Түрмөлөрдө зомбулукка ыктагандар менен иштөө программасы кирет
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесиндеги “Айкөл” реабилитациялык борборунда “Алакан” түзөтүү программасын киргизди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал программа соттолгондордун арасындагы зордук-зомбулукка ыктагандардын жүрүм-турумунун себептерин анализдеп, эмоциясын башкаруу жана чыр-чатактарды чечүүгө үйрөтөт.
ЖАК буга чейин соттолгондордун мындай программаларга катышуусуна абактагы уюшкан кылмыштуу топтор жолтоо болуп келгенин белгилеп, учурда алар жок болгонун билдирди.
2024-жылы 5 түзөтүү мекемесинде реабилитациялык борбор ачылган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түрмөдөгү зомбулукту жоюу, терроризмге байланыштуу соттолгон аялдар, балдар жана баңгизатка көз карандылар, суицидге жакын кишилер менен иштөө боюнча программа түзүлүп жатканын кабарлады.
Кыргызстанда жаза аткаруу түзүмүндө 27 мекеме бар, алардын он бири - түзөтүү колониясы, ону - жатак абак, алтоо - тергөө изолятору. 2024-жылдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат. (TSh)