Төө-Ашуудагы тоннелде унаа каттамына убактылуу чектөө кирди
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-февралда Бишкек–Ош жолундагы Көлбаев атындагы тоннел убактылуу жабылганын билдирди. Буга Volvo үлгүсүндөгү унаа тоннелдин ичиндеги аба тазалоочу вентиляторго тийип, машиналардын өтүүсүнө кооптуу жагдай жаралганы себеп болгон.
Учурда министрликтин нөөмөттөгү эки куткаруучусу жана тоннелдин кызматкерлери жеринде иштеп жатышат.
Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Тоннел 2023-жылы жайында капиталдык оңдоодон өткөн.