Кыргызстандыктарды Венгрияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Венгриядагы иш сапары алкагында бул өлкөнүн улуттук экономика министри Мартон Надь менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасы, анын ичинде Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү талкууланды.
Венгрия Кыргызстан фонддун алкагында ишке ашырууну сунуштаган бир катар долбоорлорду карап көрмөк болуп, келишим түзүлдү.
Кыргыз өкмөтүнүн 25-февралдагы маалыматына караганда, жолугушууда ошондой эле кыргызстандык жарандарды Венгрияда ишке орноштуруу маселеси да каралып, бул боюнча түзүлгөн келишимдерди улантуу макулдашылды.
Данияр Амангелдиев Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун каражатын 34 млн долларга жеткирүү эки өлкөнүн экономикалык алакасын бекемдөөчү стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну шарттай турганын белгиледи.
Ал эми Мартен Надь Кыргызстан Венгриянын досу экенин белгилеп, эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган долбоорлорду колдоого Будапешт даяр экенин айтты.
Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду 2021-жылы күзүндө түзүлгөн.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле эгемендик жылдардын башында эле түзүлгөн. Бирок мажар элчилиги Бишкекте 2020-жылы гана ачылды. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташып келет. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат.
Орусияда миграция саясаты катаалдашкандан бери кыргызстандык мигранттар Европага багыт алган. 2023-жылы Венгрия Кыргызстандан барып иштөөчү эмгек мигранттарына 1545 орун берген. (ZKo)