Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынды
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Президент Садыр Жапаров 17-февралда кол койгон тиешелүү жарлык 21-февралда “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитине жарыяланды.
Садыр Жапаров 2024-жылы 9-январда өткөн жылдын 31-декабрына чейин ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салган жарлык чыгарган. Мамлекет башчы муну бизнести колдоо деп баалаган.
Кыргызстандын өкмөтү 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясы башталганына байланыштуу ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген. Кийин ал узартылып жатып, 2022-жылдын 1-январына чейин күчүндө турган.
2023-жылдын аягына чейин ишкерлик чарбаларды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров 2022-жылдын ноябрь айында кол койгон. Айрым депутаттар текшерүүлөрдү биротоло беш жылга чейин токтотууну сунушташкан.
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү укугу 10дон ашык мамлекеттик органда бар. Алардын ичинен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат ишкерлерди көп текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы да бар. (BTo)