Сот арачылар институтун ишке киргизүү 2035-жылга чейин жылды
Президент Садыр Жапаров сот арачылар институтун ишке киргизүүнү дагы 10 жылга – 2035-жылга чейин жылдыруу тууралуу мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш документти 13-февралдагы жыйынында дароо үч окууда кабыл алган.
Юстиция министри Аяз Баетов парламентте сот арачылар институтун ишке ашыруу үчүн 1 млрд сомдон ашык каражат керек экенин, бирок ал быйылкы бюджетте каралбаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, бул сумма техника сатып алууга, кадр даярдоого, айлык акыга жана башка чыгымдарга сарпталмак.
Сот арачылар институту 2025-жылдын 1-январынан тарта иштей башташы керек болчу. Эгер ал иштесе, оор жана өтө оор кылмышка шек саналып жаткан адам анын ишин сот арачылары карасын деп өтүнүч келтирип, колдоо тапса, ишти ошолор карамак.
Парламентте депутаттар Кыргызстанда сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн бул институтту ишке киргизүү зарыл экенин айтышкан. (BTo)