“Рэкетирди” көрсөтүүгө эмнеге тыюу салынды?
Кыргызстандын кинотеатрларында казакстандык чыгармачыл топтун “Рэкетир” тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Буга кинонун башкы каарманынын ролун аткарган актер Саят Исенбаевди "кылмыш дүйнөсүнүн анабашы" аттыккан, 2023-жылы атайын операцияда жок кылынган Камчы Көлбаевдин уулу жандап жүргөнү себеп болгону айтылууда. Фильмдин авторлору андай маалыматты четке какты.