Кризистик борборлор жабылса кордук көргөн аялдар кайда барат?
Зордук-зомбулуктан качкан кыз-келиндер убактылуу баш калкалоочу кризистик борборлор каржылоосуз калганы белгилүү болду. Депутат Мамашова алар негизинен АКШнын донорлору аркылуу каржыланып келгенин, ал өлкөдө саясат өзгөрүп жатканындыктан каржылоосуз калганын айтып, өкмөттү каражат берүүгө чакырды.